🔹Ар бир адам бактылуу жана ийгиликтүү боло алат!
🔹Анткени ар бир адамда өзгөчө күчтүү жактары бар, бирок аларды али таба элек.
🔹Өзүнүн күчтүү жактары аркылуу, ал адамдарга пайда алып келе баштай алат.
🔹Адамдар ага ыраазычылык билдиришет жана аны акча түрүндө көрсөтүшөт.
🔹Ошентип, адам сүйүктүү иши менен алектенип, ошол эле учурда акча түрүндөгү ыраазычылык алат.
➡️Чынгыз Исмаилов 10 жылдан ашуун убакыттан бери адамдарга өз максатын табууга жардам берип келет. Ал Кыргызстанда биринчи болуп оратордук өнөр боюнча тренингдерди баштаган жана бул тармакта биринчи орунда турат. Андан кийин ал максат жана жеке бренд жаатына кызыгып, аларды өздөштүргөн соң, адамдарга өз күчтүү жактарын табууга жана өздөрүн эксперт катары жайылтууга жардам бере баштады. Чынгыз Исмаилов — 8 китептин автору, алардын үчөөсү бестселлер болуп саналат: “Сөз чебери”, “Ийгилик жолу”, “Кыялдан”, “Бренд башкаруучу”.